УКМК "Альфа Телекомдун" дагы бир мурдагы кызматкерин кармады
RU

УКМК "Альфа Телекомдун" дагы бир мурдагы кызматкерин кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан "Альфа Телеком" жабык акционердик коому жабдыктарды жогорулатылган баада сатып алган факты аныкталган. Анын алкагында "Альфа Телекомдун" мурдагы башчысы кармалды.

Маалымдалгандай, "Альфа Телеком" ЖАКнун IT-технология боюнча департаментинин мурдагы жетекчиси, тендердин катышуучулары менен жеке келишим түзүп, жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан. Алдын ала келтирилген зыяндын суммасы салыктарды эсепке албаганда 20 миллион сомго жакын болгон.

Алынган далилдердин негизинде Д.Б.Б. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин ушул эле кылмыш ишинин алкагында "Альфа Телекомдун" IT-технология боюнча департаментинин директорунун мурдагы орун басары П.М.А. кармалган.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11183