Үч кыргызстандык экстремизмден баш тартып, балдарына мектепке барууга уруксат беришти
RU

Үч кыргызстандык экстремизмден баш тартып, балдарына мектепке барууга уруксат беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда тыюу салынган "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын үч мүчөсү экстремисттик көз караштарынан баш тартып, балдарына медициналык жардам алып, орто мектепке баруусуна уруксат беришти. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 26-майында күч органдары тарабынан "Якын-Инкардын" үч мүчөсү - 1977-жылы туулган А.Т.М., 1987-жылы туулган Ж.К.Т. жана 1993-жылы туулган И.М.К. кармалган.

Кармалгандар Жалал-Абад шаарынын аймагында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып, үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик медициналык жардам көрсөтүүгө жана жалпы билим берүүчү мектептерге барууга тоскоолдук кылышкан.

Алар КР УКМКнын СИЗОсуна киргизилип, экстремисттик идеологиядан баш тартуу боюнча түшүндүрүү жана профилактикалык иштерди жүргүзүшкөн.

"Натыйжада алар өздөрүнүн аракеттеринин туура эместигин түшүнүшүп, "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик тобунун эл алдында баш тартышты", - деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.

Ошондой эле күч органдары кармалгандардын үй-бүлөлөрү менен сүйлөшүп, андан соң жашы жете элек балдары поликлиникада каттоого алынган. Ал эми ата-энелер да жаңы окуу жылынан баштап орто мектепке балдары окутууга убада беришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13120