Россиядагы үрөйдү учурган жол кырсыктан эки кыргызстандык каза болгон. ТИМдин билдирүүсү
RU

Россиядагы үрөйдү учурган жол кырсыктан эки кыргызстандык каза болгон. ТИМдин билдирүүсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Такталган маалыматтар боюнча, Самара облусунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен Кыргызстандын эки жараны - 1992-жылы туулган К.Р.Р. жана 1998-жылы туулган С.Н.К. каза болгон. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандары Самара шаарында жеке жүк ташыган унаалардын айдоочулары болушкан. Башка каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүгө көмөктөшөт, деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13122