Каза болгон прокурорлордун үй-бүлөсүнө берилчү кенемтени кыскартууга уруксат берилди
RU

Каза болгон прокурорлордун үй-бүлөсүнө берилчү кенемтени кыскартууга уруксат берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бугүн, 29-июнда Жогорку Кеңеште депутаттар "Прокуратура жөнүндө" Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду үчүнчү окууда кабыл алышты.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси президент. Ал прокуратура органдарынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда каза болуп же майып болуп калган учурда алардын үй-бүлөлөрүнө бир жолку төлөмдүн өлчөмүн азайтуу аркылуу бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштырууну сунуштаган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, прокуратура органдарынын кызматкерлери каза болгон учурда алардын үй-бүлөлөрүнө акыркы ээлеген кызматы боюнча 20 жолку айлыгынын орточо суммасы өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөп берүү сунушталууда. Компенсациянын болжолдуу суммасы 1,5 миллион сомду түзөт.

*****

Белгилесек, 15-майда парламенттеги комитет жыйынында кызмат учурунда каза тапкан прокурорлорго берилүүчү бир жолку кенемте талкууланган. Мыйзамга ылайык, кызматын аткарып жатып каза болгон прокуратура кызматкеринин үй-бүлөсүнө 20 жылдык айлык маянасы (болжол менен 21 млн 699 миң сом) жөлөк пул катары төлөнөт.

Бул мыйзам кээ бир депуттарды таң калтырып, нааразычылыгын да жаратып, соцтармакта катуу сынга алынган.

Кийинчерээк Башкы прокуратурадан комментарий беришип, бул бир эле прокуратурага тиешелүү эмес экенин айтышкан. Кызуу талкууга алынган кенемте боюнча Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда каза болгон учурда бериле турган компенсациялык төлөм берүү маселесин изилдеп чыгууну тапшырган.

Андан кийин Каржы министрлиги "Прокуратура жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламенттин кароосуна койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13148