Москвада кыргыз, өзбек жана тажик жарандары катышкан массалык мушташ болду
RU

Москвада кыргыз, өзбек жана тажик жарандары катышкан массалык мушташ болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада бир нече өлкөдөн келген мигранттардын ортосунда массалык мушташ болду.

Бул тууралуу маалымат 27-июнда Baza Telegram каналында жарыяланды. Маалым болгондой, мушташ "Легендарный квартал" турак-жай комплексинин курулушунда болгон. Мушташка 18 адам катышкан.

Бул окуя боюнча КР Тышкы иштер министрлиги комментарий берди. Ведомстводон билдиришкендей, мушташ 26-июнда болгон. Ишти аткарууда подряддык уюмдардын кызматкерлеринин ортосунда өндүрүштүк ишмердүүлүктөн улам чыр-чатак чыккан. Мушташка айланган жаңжалга 18 адам катышкан.

Натыйжада соттун чечими менен чет өлкөлүк жарандарга 5000ден 5500 рублга чейин айып салынды.

Айып салынган адамдар:

  • Өзбекстандын бир жараны;
  • Тажикстандын үч жараны;
  • Кыргызстандын үч жараны.

Кошумчалай кетсек, мушташка аралашкан мигранттарга Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. Элчилик Кыргызстандын жарандарына керектүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13157