Президент: Асман шаарынын долбооруна, курулушун баштоого 1 да тыйын сарпталган жок
RU

Президент: Асман шаарынын долбооруна, курулушун баштоого 1 да тыйын сарпталган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-июнда Ысык-Көл облусундагы Асман эко-шаарынын курулушуна капсула салуу аземи болду.

Аземде сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров акылдуу шаардын курулушун баштоого бюджеттен 1 тыйын дагы сарптталбаганын айтты.

"Дымактуу планыбызды учурунда сындаган, ага ишенбегендер да болду. Дүйнөдө болуп жаткан жакшы жетишкендиктерден кабары барлар колдоп-коштоп, ири долбоорлого киришүүгө коркпостон салым кошушту. Коомчулуктун бир бөлүгү "мамлекеттин чама-чаркы жетпейт, чоң каражат керек, андай каражат кайдан табылмак эле деп кедейчилик синдромунан чыга алышпай, бийлик куру кыялданып жатат" деп шашылыш бүтүм чыгарышты. Элдин пикири экиге бөлүнүп, бири арканды алыс таштайлы десе, экинчи бөлүгү чамабызга чактап иш кылалы дешти. Муну биз артыкчылык катары бааласак да болот. Акылдуу шаардын бир нече долбоорлору даярдалды.

Асман шаарынын долбооруна жана анын курулушунун башталышына өлкө казынасынан 1 дагы тыйын кеткен жок.

Себеби, ири долбоорго катышууга кызыккан чет элдик инвесторлорубуз бар. Конкреттүү инвесторлорубуз менен биз Асман эко шаарына капсула салууну бысымылда деп баштап жатабыз. Акылдуу шаарды курууга катышам деген дагы башка инвесторлор болсо азыр да кучак жайып тосуп алууга даярбыз. Келгиле! Биздин уникалдуу долбоорлорубузга катышкыла!", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13164