Чүйдө 5 жашар кызды унаа сүзүп кетти. Айдоочу аныкталды
RU

Чүйдө 5 жашар кызды унаа сүзүп кетти. Айдоочу аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Балтада айдоочу 5 жашар кызды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Маалыматты Kaktus.media сайтына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, окуя 29-июнда болжол менен саат 15:35те Кара-Балтадагы көчөлөрдүн биринде катталган. Айдоочу 2018-жылы туулган А.К. аттуу кызды сүзүп, кырсыктан кийин белгисиз тарапка качып кеткен.

Окуяны териштирүү иштеринин жүрүшүндө жол айдоочу 2003-жылы туулган жаран экени аныкталып, Lexus унаасы айып короосуна токтотулду.

Айдоочу Жайыл РИИБине жеткирилди.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13166