Россияда баласын сатууга аракет кылган кыргызстандык келинге сот өкүм чыгарды
RU

Россияда баласын сатууга аракет кылган кыргызстандык келинге сот өкүм чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Екатеринбургда 7 жашар уулун сатууга аракет кылган кыргызстандык келинге сот өкүм чыгарды. "Московский Комсомолец" жазгандай, Верх-Исетск райондук соту 25-апрелде баласын сатууга аракет кылган келинди 5 жылга эркинен ажыратты деп жазат.

Маалыматта айтылгандай, келин "жашы жете электерди сатуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.

Эске салсак, 2022-жылы орус ЖМКлары жашы жете элек баланы энеси 300 миң рублга сатууга аракет кылган деп жазып чыгышкан. Социалдык тармактын колдонуучулары "бала сатылат" деген жарыяны көрүшүп, ыктыярдуу уюмга кайрылышкан. Алар аялдын биринчи никесинен бир уулу, экинчи никесинен эки баласы бар экенин аныкташкан. Анын экинчи күйөөсү өгөй уулуна каршы болуп, жубайлар карыздарын төлөө үчүн баланы сатууну чечишкени айтылган маалыматта. Мындай кадамга барган келин 2 айга камакка алынып, баласы балдар үйүнө жөнөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11894