"Динде аялдын даражасы бийик". Муфтият балага апасынын атын берүү боюнча билдирүү таратты
RU

"Динде аялдын даражасы бийик". Муфтият балага апасынын атын берүү боюнча билдирүү таратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Муфтий Замир кары Ракиев баланы энесинин атына каттоо боюнча (матроним/матчества) пикирин билдирди.

Анын айтымында, ар бир перзент тегин билүүгө укуктуу. Баланы ким төрөгөндүгү айдан ачык. Ал эми тек атага таандык болушу өтө зарыл. Ошондуктан ислам дини баланын тегин атага таандык кылат.

"Адам атадан баштап бүгүнкү күнгө чейин бардык адамзат урпагы, бардык мамлекеттерде уулга да, кызга да атасынын теги берилип келген. Шарият адамдын акылын, намысын, мүлкүн, тегин, урпагын сактоону максат кылат. Тектүүлүк адамзатты жакын туугандар менен билбестен үйлөнүп, улуттун генефондуна зыян келүүсүнөн, үй-бүлөдө майып балдардын төрөлүүсүнөн сактайт. Динибиз ушул себептүү баланын атасы белгилүү болуусун жактайт. Ыйык Куран баланы өз атасынын аты менен чакырууну насаат кылат", - деп жазган Ракиев.

Муфтий коомчулукта да "жети атасын билбеген", "жетесиз кул" деп катуу айыпталганын кошумчалаган.

"Улуттук каада-салтыбызда жети атасын билүү деген генеологиялык алтын эреже бар. Ал принцип аркылуу бала өзүнүн тегин таанып билет. Бул өз кезегинде энени басынтуу деген маселе эмес! "Кыргызда кыздын аты улук" деп тегин жерден айтылбаган. Динибизде аялзатынын даражасы канчалык бийик экендиги айдан ачык", - деди Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы.

Эске салсак, 3-июнда Конституциялык сот жашы 18ден жогору жарандар атасынын же энесинин атына катталарын өзү чечүүгө боло турганын расмий жарыялаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13236