Шопоковдогу нефтебазадан чыккан өрт. Жабыркагандардын бири каза болуп калды
RU

Шопоковдогу нефтебазадан чыккан өрт. Жабыркагандардын бири каза болуп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шопоков шаарындагы нефтебазадан чыккан өрттөн жабыркагандардын бири каза болуп калды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен Kaktus.kg сайтына билдиришти.

Маалым болгондой, II, III даражадагы күйүк алып, денесинин 95%ы күйгөн жабырлануучу ооруканада 3 күн жатып, каза болгон.

"Бейтаптардын бири ошол эле күнү амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Андан кийин дагы бир бейтап үйүнө чыккан. Дагы бирөө учурда оорукананын күйүктөр бөлүмүндө дарылануусун улантууда. Абалы туруктуу", - дешти министрликтен.

Белгилесек, 20-июнда нефтебазадан өрт чыгып, жалпы 13 күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 19:22де толугу менен өчүрүлгөн. Бул факты боюнча милиция текшерүү ишин баштаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13244