Шопоковдогу нефтебазадан чыккан өрт. Эки жабырлануучу оор абалда
RU

Шопоковдогу нефтебазадан чыккан өрт. Эки жабырлануучу оор абалда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Шопоков шаарында жайгашкан нефтебазадан чыккан өрттөн 4 адам жабыркаган. Бүгүнкү күндө эки бейтап оор абалда Бишкек шаардык тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

"Жабырлануучулардын бири II, III даражадагы күйүк алып, денесинин 95%ы күйгөн. Аралаш жаракат алган. Анын өмүрү үчүн күрөшүп жатабыз, ага бардык дарыгерлер - урологдор, хирургдар тартылып жатат", - дешти дарыгерлер.

Экинчи жабырлануучу I, II даражадагы күйүк алган, денесинен 15% күйүп, баш мээсинде жаракат бар.

Белгилесек, 20-июнда нефтебазадан өрт чыгып, жалпы 13 күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 19:22де толугу менен өчүрүлгөн.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13025