Ырчы Сайкал Садыбакасова Максат Доврановдун үйлөнгөнү боюнча үн катты
RU

Ырчы Сайкал Садыбакасова Максат Доврановдун үйлөнгөнү боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы, "Кыз-Бурак" тобунун жетекчиси Сайкал Садыбакасова Максат Доврановдун үйлөнгөнү боюнча үн катты. Күйөрмандарынын бири социалдык тармактагы баракчасы аркылуу суроо узатып, "Максат үйлөнгөндө бир аз болсо да жаман сезимдер болдубу?" деген.

Ырчы ар бир адам бактылуу болгонго татыктуу деп жооп берди.

"Максат аке аябай жакшы адам, эки дүйнө бактылуу болушсун. Тойго 2 күн калганда чын жүрөгүмдөн жакшы сөздөрүмдү айтып, куттуктап койгом. Экөө бири-бирине төп келишет экен. Максат аке үчүн чындап сүйүндүм. Ар бир адам бактылуу болгонго татыктуу. Мындан ары да сыйлашып өтөбүз деген ишеничтемин", - деди ал.

Эске салсак, Максат Довранов 2017-жылы ноябрда ырчы Сайкал Садыбакасова менен үй-бүлө куруп, 2019-жылы түгөйлөр ажырашкандарын ачыкташкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13254