Төрөт учурунда ымыркай полго түшкөн окуя. Дарыгерлерге чара көрүлдү
RU

Төрөт учурунда ымыркай полго түшкөн окуя. Дарыгерлерге чара көрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Төрөт учурунда баланын полго түшүп кетишине байланыштуу Бишкектеги №1 төрөт үйүнүн дарыгерлерине сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.

"Башкы дарыгердин орун басарларына көзөмөл кылбаганы үчүн сөгүш берилди. Буйруктарды аткарбагандыгы боюнча нормативдик документтер бар. Нөөмөтчү дарыгерге жана эки акушерге да сөгүш берилди. Окуя түнкүсүн болгон. Нөөмөттө турган акушер-гинекологдор көзөмөл кылыш керек болчу, бирок көзөмөл жасашкан эмес. Мунун баары 4-5 мүнөттүн ичинде болгон. Эгер бирөө кетсе, экинчиси калып, ишти камсыздап туруусу керек эле. Биздин өзүбүздүн стандарттар, функционалдык милдеттер бар. Адистер кырдаалды баалабай коюшкан. Аялдын төрөп жатканына көңүл буруу керек болчу", - деди Асылбашева.

Эске салсак, социалдык тармактарда төрөт учурунда баласы полго түшүп кеткен келиндин билдирүүсү тараган. Ал төрөтү башталганын дарыгерлерге эскертип, бирок убагында жардам көрсөтүлбөгөнүн билдирген. Саламаттыкты сактоо министрлиги окуянын чоо-жайын аныктап, жакынкы аралыкта тергөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырууну убада кылууда.

Баланын абалы оор экени кабарланган. Kaktus.media редакциясына өздүк булактар жаңы төрөлгөн ымыркайдын баш мээси чайкалып, баш сөөгүндө сынык бар экенин айтышкан. Кийинчерээк Саламаттыкты сактоо министрлиги ымыркайдын абалы жакшырып жатканын билдирген.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13292