Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтун жолугушуусу аяктады
RU

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтун жолугушуусу аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду. Жумушчу топ 3-июлдан 9-июлга чейин Баткен шаарында жолугушту.

Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Кийинки жолугушуу Тажикстан Республикасынын аймагында болору пландалууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13326