Германияда террорчулукка шектелген кыргызстандык боюнча министрликтин маалыматы
RU

Германияда террорчулукка шектелген кыргызстандык боюнча министрликтин маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өткөн аптада Германия менен Нидерландыда террорчулукка шектүүлөр кармалып, арасында Кыргызстандын жараны бар экени маалымдалган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жакынкы күндөрү кармалгандарга карата сот чечим чыгарарын маалымдады.

6-июлда Түндүк Рейн-Вестфалияда 7 чет элдик жаран, анын ичинде Түркмөнстандын 1 жараны, Тажикстандын 5 жана Кыргызстандын 1 жараны К.А кармалганы маалым болгон.

Жогорудагы жарандар Германияда террордук уюмду түзүүгө шектелип, ошондой эле тыюу салынган чет элдик "Ислам мамлекети" террордук уюмун колдогон деп айыпталууда. Жакынкы күндөрү кармалган жарандарга карата соттун чечими күтүлүүдө.

Учурда Кыргызстандын Германиядагы элчилиги бул иштин маңызы боюнча Германиянын Федералдык полициясынын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта экени кабарланды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Zeit Online.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13336