Нидерланды жана Германияда террорчулукка шектүүлөр кармалды. Арасында кыргыз жарандары бар
RU

Нидерланды жана Германияда террорчулукка шектүүлөр кармалды. Арасында кыргыз жарандары бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Германия менен Нидерландияда террорчулукка шектүүлөр кармалды. Тизмеде Кыргызстандын жарандары бар.

Германиянын Башкы прокуратурасынын сайтында төмөндөгү адамдардын камакка алынганы айтылат:

  • Түркмөнстандын жараны - Ата А.;
  • Тажикстандын жараны - Мухаммадшужо А.;
  • Кыргызстандын жараны - Аброржон К.;
  • Тажикстандын жараны - Нуриддин К.;
  • Тажикстандын жараны - Шамшуд Н.;
  • Тажикстандын жараны - Саид С.;
  • Тажикстандын жараны - Рабони З.

Камакка алуулар Түндүк Рейн-Вестфалия федералдык штатынын ар кайсы жерлеринде болгон. Кармоо Нидерландиянын тергөө органдары менен макулдашылып, бир эле учурда дагы эки адам кармалган.

"Германияда кармалган адамдар жергиликтүү террордук уюмду түзгөн жана ага катышкан деп шектелүүдө. Алар ошондой эле чет элдик "Ислам мамлекети" террордук уюмун колдогон деп айыпталууда", - деп билдирген Германиянын Башкы прокуратурасы.

Кармоо ордеринде жогоруда аты аталган жети шектүүнүн бири-бирин көптөн бери таанышы жана радикалдуу ислам идеологиясын кармангандары айтылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13279