Балбак Түлөбаев матчество боюнча: "Жогорку Кеңештен өтүүсү кыйын"
RU

Балбак Түлөбаев матчество боюнча: "Жогорку Кеңештен өтүүсү кыйын"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев матчество/матроним тууралуу социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды. Анда ал жеке пикирин айткан эмес, болгону кызуу талкуулагандарды тынчтандырды.

"Матчество боюнча кээ бир мыйзамдарды өзгөртүш керек. Жогорку Кеңештен өтүүсү кыйын го. Ошон үчүн көп түйшөлө бербегиле", - деп жазды эл өкүлү.

Эске салсак, 2-июлда активист Алтын Капалова Конституциялык сот балдар 16 жашка чыккандан кийин паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарганын билдирген. Бул коомдо чуулу талкууну жаратып, көбү каршы пикирин айтышкан.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жарандык пикирин айтып, каршы экенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13341