Тенгиз Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтү узартылды
RU

Тенгиз Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтү узартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кумтөрдүн мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына шаардык соттогу өзжүк булак билдирди.

Мындай чечимди Октябрь райондук соту чыгарганы белгилүү болду. Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтү ушул жылдын 10-августуна чейин узартылган. Мындай чечим 4-июлда кабыл алынган.

Эске салсак, 2022-жылдын сентябрь айында Тенгиз Бөлтүрүккө бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.

Тенгиз Бөлтүрүк өзү күнөөсүн моюнга алган эмес. Бирок Башкы прокуратурадан 2023-жылы май айында Тенгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден келтирилген зыяндын 80% жакыны, тактап айтканда, 844 млн 512 миң 858 сому өндүрүлгөнү маалым болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13342