Эрнст Акрамовдун ысымы Чүй облустук ооруканасына ыйгарылды
RU

Эрнст Акрамовдун ысымы Чүй облустук ооруканасына ыйгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облустук бириккен ооруканасына акыры Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына хирургдун өкүлдөрү билдирди.

Маалым болгондой, 7-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясынын чечими чыккан.

Эске салсак, 2022-жылы май айында Эдил Байсалов министрлер кабинети Эрнст Акрамовдун ысымын Чүй облустук бириккен ооруканасына ыйгарууну жактырганын билдирген. Кийинчерээк хирургдун аты-жөнү мекемеге ыйгарылбаганы белгилүү болгон.

Ошол кездеги саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев хирург буга татыктуу эмес болчу деген пикирин айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13343