Бишкекте бир кызга кол салуу болгон. Окуя тууралуу милициянын маалыматы
RU

Бишкекте бир кызга кол салуу болгон. Окуя тууралуу милициянын маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте үч кыз бир кызга кол салган. Жабырлануучунун ата-энеси милициянын аракеттерине нааразычылыгын айтып, окуянын видеосун социалдык тармакка жарыялаган.

Жаңжал 17-июнда Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинде болгон. Жабырлануучу республикалык оорукананын нейротравматология бөлүмүнө жаткырылган. Ооруканадан дароо 102ге кабар берилгени менен эч кандай жооп болгон эмес. Кыздын апасы эртеси милицияга телефон чалып, тергөөчү 20-июлда барган. Бардык маалыматтар тергөөчүгө берилген, бирок тергөө башталган эмес. 8-июль күнү тергөөчү жабырлануучу тарапты чакырган.

"Биз барганда кол салгандар жакындары жана адвокаты менен ал жерде болушкан. Тергөөчү баарыбызды бир бөлмөгө алып кирип, биз менен сүйлөшүүгө аракет кылышты. Мен чечкиндүү түрдө баш тартканымдан кийин кол салгандар менен кызымды бетме-бет сүйлөштүрбөй, үйгө жөнөтүштү. Эртеси кол салган кыздарды эч жакка чыкпоо тил каты менен коё беришкенин билдим", - деди кыздын апасы.

Милициянын комментарийи

Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматы бул факты Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады.

"Мындан тышкары соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, жабырлануучу жеңил жаракат алып, ден соолугуна анча оор эмес залал келтирилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө мушташка катышкандардын бардыгы аныкталган. Алар суракка алынып, андан соң эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат, жыйынтыгында окуяга тиешеси бар адамдарга юридикалык баа берилет", - деп билдиришти милициядан

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13346