Ырчы Нурчолпон ыдык көргөнүн айткандан кийин 3 адам жаза алды
RU

Ырчы Нурчолпон ыдык көргөнүн айткандан кийин 3 адам жаза алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Нурчолпон Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтɵрүнүн Армиясынын борбордук үйүндө музыкант болуп иштеп жүргөндө ыдыкка кабылганын айтып чыккан. Анын билдирүүсүрөн кийин Бишкек гарнизонунун прокуратурасы иликтөө иштерин баштаган.

Бүгүнкү күндө тиешелүү адамдар жоопко тартылганын Kaktus.kg сайтына Башкы прокуратурадан ырасташты.

"Бул факты боюнча 3 адам дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Аскердик бөлүктүн командиринин орун басары А.Ж., Армиянын борбордук үйүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Б. жана Куралдуу Күчтөр башкы башкармалыгынын башчысы Л.А. жазага тартылды", - дешти Башкы прокуратурадан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13350