Циркти оңдоо иштери канча убакытта бүтөрү айтылды
RU

Циркти оңдоо иштери канча убакытта бүтөрү айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Абубакир Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик циркинин имаратынын ремонту болжол менен 5 айдын ичинде бүткөрүлөт. Бул туурасында президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев айтты.

"1976-жылдан бери эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлбөптүр. Азыр биз реконструкция иштерин баштоо алдында турабыз. Вентиляциялык жана жылытуу системалары чирип кетиптир. Жаңы технология менен оңдоо иштери башталат. Маданият министрине кызматкерлерди узак мөөнөткө эс алууга чыгаруу боюнча тапшырма берилди. Ремонт жумуштары 5 айдын аралыгында толугу менен бүтөт", - деди ал.

Туманбаев кошумчалагандай, циркти оңдоо иши президенттин жеке көзөмөлүндө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13387