Эл аралык баңги тобунун мүчөсү деп шектелген жарандардын үйүнөн мефедрон табылды
RU

Эл аралык баңги тобунун мүчөсү деп шектелген жарандардын үйүнөн мефедрон табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасына психотроптук заттардын ири партиясын алып келүү жана сатуу каналына бөгөт коюлду. ИИМдин маалыматына караганда, эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү деп шектелген жарандардан 7 кгдан ашык мефедрон алынды.

Ушул жылдын 17-майында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы, Тергөө кызматы менен УКМК тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, эл аралык баңги тобунун эки мүчөсү кармалган. Алар: 2003-жылы туулган М.Ж. жана 2002-жылы туулган А.У.

Кармалгандардын Бишкектеги батиринен 3 даана вибрациялык мотор табылган, текшерүү учурунда андан болжол менен салмагы 5 кг 943 граммды түзгөн 24 таңгактагы мефедрон психотроптук заты табылган. Алардын ишмердүүлүгүн мессенджер аркылуу чет өлкөдөн кураторлор көзөмөлдөп турушкан.

Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда дагы бир вибрациялык мотор табылып, анын ичинен скотч менен таңгакталган 1 кг салмактагы мефедрон психотроптук заты алынган.

Бул факты боюнча 282-берене (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыштуу ниетти ишке ашырууда жана жогоруда аталган психотроптук затты сатууда кармалгандардын жана башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз кирешеси болжол менен 38 миллион 186 миң 500 сомду түзөт дешет ИИМден.

Көрүлгөн аракеттердин натыйжасында республика боюнча 41500 дозадан ашык мефедрон психотроптук заттын жайылышына бөгөт коюлду. Учурда бул ишке катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо боюнча амалдар аткарылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13389