Айсулуу Тыныбекова "Polyak Imre" дүйнөлүк рейтингдик турнирдин 4 жолку чемпиону болду
RU

Айсулуу Тыныбекова "Polyak Imre" дүйнөлүк рейтингдик турнирдин 4 жолку чемпиону болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айсулуу Тыныбекова кыз келиндер күрөшү боюнча Венгрияда өтүп жаткан дүйнөлүк рейтингдик турнирде алтын медаль утту.

Ал 62 кг чейинки салмак ченинде турнирдин 1/16 финалынан баштап күрөшүп баштаган.

Алгач ал германиялык Луиза Хелга Герданы 2:0 менен утса, кийинкисинде венгриялык балбан кыздын 10:0 менен жеңген. Дагы эки балбанды жеңип, финалда Болгариялык спортчу Биляна Дудованы 2:1 менен утуп, биринчи орунду алды.

Муну менен кыргыз балбаны аталган "Polyak Imre - Vargo Janos Memorial" турниринин төрт жолку чемпиону аталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13434