Улукбек Карыбек уулу боюнча дагы бир иш сотко жөнөтүлдү
RU

Улукбек Карыбек уулу боюнча дагы бир иш сотко жөнөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер Улукбек Карыбек уулу милициянын мыйзамдуу талабына баш ийбегендиктен, ага карата топтолгон материал сотко жөнөтүлдү. Мындай билдирүүнү Биринчи Май РИИБинен таратты.

Андагы маалыматка кпраганда, 10-июлда саат 16:52 чамасында блогер К.У. видео тартуу тобу менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратына кирип барган. Бул учурда күзөт кызматкери министрдин кабылдамасынан чыгуусун суранган, бирок блогер "ЖМК жөнүндө" мыйзамга таянып, кабылдамадан чыкпай, өзүн орой алып жүрүп, коомдук тартипти бузган.

Жогорудагы аталган факты Биринчи Май РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

К.У. Биринчи Май РИИБдин коомдук коопсуздук кызматына жеткирилип, 128-берене (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) менен укук бузуу протоколу толтурулган. Андан кийин блогер коё берилген.

Бүгүнкү күндө түзүлгөн укук бузуу протоколдору Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13439