Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлерди колдоо акциясын баштады
RU

Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлерди колдоо акциясын баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлерге карата сый-урматсыз мамилеге каршы акциясы баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Акция дарыгерлердин ар-намысын, кадыр-баркын коргоо жана медициналык кесиптин бааланбай калышына каршы туруу үчүн медицина кызматкерлерин жана кайдыгер эмес адамдарды бириктирүүнү көздөйт.

"Флешмоб медициналык кесиптин позитивдүү имиджин түзүүнүн каражаты болот. Флешмобго кантип катышуунун бир нече варианттары:

  • "Биз медициналык адистербиз" деген билдирүү менен сүрөт, видео же текст: Медициналык адистерди колдоп жаткан учурдан видео же "Медиктер сыйлабастыкка жана манипуляцияга каршы" деген жазууларды кармап турган сүрөт. Дарыгерлер жана колдоо көрсөткөндөр медицина кызматкерлерине карата түзүлгөн мамиле жөнүндө коомчулукка кайрылууларды жасаса болот.
  • Иш ордунда, мүмкүн болсо кеч калган учурду же жумушуңуздун татаалдыгын айтып, дарыгердин оор эмгеги (түнкү нөөмөт, оор бейтаптар, тез жардам ж.б.у.с.) жөнүндө сөз кылуу максатка ылайык.
  • Дарыгерлердин коомдогу маанилүүлүгүн көрсөтүү үчүн медицинага байланыштуу окуяларды жана жеке тажрыйбалар менен бөлүшүү.

Бардык сүрөттөрдө, видеолордо же тексттик билдирүүлөрдө #MedicsAgainDisrespect хэштеги болушу керек.

Акцияда эң негизгиси - колдоо. Өзүңүздүн ишиңизди кесиптештериңизге, досторуңузга, тууган-уруктарга жана медициналык кесипти баалап, урматтагандардын баарына таратыңыз. Биз биргелешип медицина кызматкерлерин, алардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоого даяр турган күчтүү коомчулукту түзө алабыз", - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13446