Саламаттыкты сактоо министрлиги Оштогу төрөт үйүндө болгон окуядан кийин элге кайрылды
RU

Саламаттыкты сактоо министрлиги Оштогу төрөт үйүндө болгон окуядан кийин элге кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министрлиги Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүндө болгон окуя тууралуу комментарий берди.

Анда Кыргызстандын медицина кызматкерлери өз милдеттерин берилгендик жана кесипкөйлүк менен аткарып, күнү-түнү жумушта болуп, ден соолугун тобокелге салып, коомдун саламаттыгы үчүн иштеп жатканы айтылат.

"Министрлик коррупция менен күрөшүүгө саясий эрки бар жана медициналык кызматтарды көрсөтүүдө коррупциялык тобокелдиктерге каршы күрөшүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыкты. Анын ичинде медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу, саламаттыкты сактоо уюмдарынын ишмердүүлүгүнө санариптик чечимдерди киргизүү, ченемдик укуктук базаны чыңдоо, окутуу жана коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле көз карандысыз уюмдар менен өз ара аракеттенүү.

Эгерде сиздерде медициналык кызмат үчүн мыйзамсыз төлөм өндүрүлгөнү боюнча конкреттүү фактылар же далилдер болсо, биз ар бир кайрылууну карап чыгып, чын болсо, абийирсиз медицина кызматкерлерине жана алардын жетекчилерине чара көрүүгө даярбыз.

Бирок медицина кызматкерлерине карата негизсиз айыптоолор жана аргументтер калк үчүн андан да чоң терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн: медициналык жардамга кеч кайрылуу, өз алдынча дарылануу, далилденбеген дарыларды колдонуу - бул калктын ден соолугун ого бетер начарлатышы мүмкүн.

Саламаттыкты сактоо министрлиги коомчулукка медицина кызматкерлеринин ишинин маанилүүлүгүн жана татаалдыгын түшүнүү өтүнүчү менен кайрылат. Алардын кесиптик ишмердигине жумшаган убактысы, күч-аракети жана берилгендиги биздин терең урматтообузга татыктуу.

Алар күндүз гана эмес, түнкүсүн, майрам жана дем алыш күндөрн да иштеп, каалаган убакта медициналык жардам көрсөтүү үчүн бейтаптарга жана муктаждарга камкордук көрүп келишет.

Медициналык кызматкерлер көптөгөн факторлорго туш болушат. Алар өздөрүнүн тажрыйбасына жана билимине таянып, татаал чечимдерди кабыл алышат жана үзгүлтүксүз квалификациясын жогорулатышат.

Ар бириңиздерди медицина кызматкерлерин урматтоо жана эмгегин баалоо менен мамиле кылууга чакырабыз", - дешти министрликтен.

Белгилесек, Оштогу төрөт үйү боюнча блогер Улукбек Карыбек уулу сюжет жасап, элдин назарына коюлган. Андан кийин блогерге бейбаштык беренеси менен иш козголуп, ал 48 саатка камакка алынды.

Улукбек Карыбек уулу кармалышына саламаттыкты сактоо министринин тиешеси бар деген пикирин айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13440