Таттуубүбү Эргешбаева: Надира Нарматов тарабынан саясий каралоо болуп жатат. Маек
RU

Таттуубүбү Эргешбаева: Надира Нарматов тарабынан саясий каралоо болуп жатат. Маек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Октябрь окуяларынан кийин юрист катары коомчулукта тааныла баштаган Таттуубүбү Эргешбаева kaktus.kg редакциясынын "Саясат эле эмес" рубрикасынын кезектеги коногу. Ал өзү кандай үй-бүлөдө төрөлгөн, бала-чагы, өзүнүн баласы тууралуу маек берди.

Маектин биринчи бөлүгү төмөндөгү ссылкада:

- Дициплинаны сүйгөн, мамлекеттик кызматкерлердин үй-бүлөсүндө чоңойгон, мамлекеттик кызматта өзүн көргөн Таттуубүбү эки-үч жыл мурун болгон саясий маанилүү окуяларда көпчүлүктүн ойлоруна каршы пикирлерин айтты эле. Ким кандай кабыл алды?

- Мен буга чейин коммерциялык укук тармагында иштегем. Ал жерде конфидициалдуулук принциби бар болчу. Ошондуктан көп учурларда элдин алдына чыгып, өз пикириңди билдирүүгө өзгөчө чектөөлөр бар болчу.

Анан коронавирус илдети башталды. Мен акырындап иштерди азайтып баштадым. Ошондон кийин эксперттик тармакка өтөйүн деп чечим кабыл алдык. Бир эле мен эмес, биздин топ десем туура болот го. Ошондон тарта эксперттик тармакта ар кандай маселелерди карап, иштеп баштадык.

Октябрь айындагы болгон абал - бул өзү менен өзү болгон нерсе. Атайы "октябрь окуясы болсун, анан мен чыгып оюмду айтам" деп эч ким даярданган эмес. Мен эң башында эл алдына чыга баштаган учурда коомчулук алдында өзүмдү кантип туура алып жүрүүнү дагы билчү эмесмин. Башкаларга караганда мен өзгөчө эмоционалдуурак болчумун. Бардыгына убакыттын өтүшү менен үйрөндүм. Бирок бардык нерсе өз жолу менен келе жатат.

- Мамлекеттик кызматтагы ата-энеңиз сиз октябрь окуяларында айткан сын, критикаларды кандай кабыл алды? Же болбосо ошол учурдагы маанилүү саясий окуяларга алардын көз карашы дагы сиздикиндей беле?

- Негизи, ата-энем тараптан мага карата эч кандай талап дагы, өтө чоң колдоо дагы болгон эмес. Бүгүнкү күнгө чейин өзгөчө нейтралдуу мамиле бар.

- Бийлик тарапка карата катуу сындар айтылганда ата-энеңиз корккон жокпу, өзүңүз корккон жоксузбу? Эми, азыркы өлкөдө болуп жаткан маселенин чоо-жайын сиз юрист катары жакшы билесиз да.

- Ооба, болот андай учурлар дагы. Көп учурда апам айтып турат. Ар бир ата-эне өз баласы үчүн жакшылыкты каалайт. Мен ата-энем эскерткен нерселерди көп учурда туура кабыл алам.

- Азыркы Кыргызстандагы белгилүү юристтердин ичинен Сания Токтогазиева экөөңүздөр бир учурда чыктыңыздар. Сиздер таанылган учур дагы өлкөдөгү саясий бурулуш учуруна туш келди. Сизге карата ошол учурда бийлик тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болгон жокпу?

- Жок. Мага көп болсо делимитация учурунда болсо керек эле.

- Негизи, мага саясий кысым көрсөтүлгөн эмес. Делимитация учурунда келип атам менен бир-эки жолу сүйлөшүп кетишкен.

Экинчиден, мен бийлик өкүлдөрүнөн көбүнчө колдоо көрүп келем. Акыркы жолу эле Надира Азимовна тарабынан өзгөчө бир каралоо программасы башталды. Бирок бул эженин жеке чечими окшойт. Ооба, эже саясий тармакта иштеген адам. Ошого карабастан, бул эженин методикасы ушундай экен. Буга чейин саясий каралоо дагы, кысым дагы көрсөтүлгөн эмес.

- Баягы октябрь окуяларында айткан позицияңызды дагы деле карманасызбы?

- Азыркы учурда мисалы, кырдаал өзгөрдү. Саясий климат да башка. Ошого карабастан менин көптөгөн позициям бүгүнкү күнгө чейин сакталды.

Бирок мен бир нерсени эскертип кетишим керек: Эч качан эки жыл мурунку айтылган интервьюдагы толук мазмун бүгүнкү күнү 100 пайызга иштебеши мүмкүн.

Биз башынан эле акыркы кабыл алынган Баш мыйзам - супер президенттик Конституция деп айтып келгенбиз. Бул өзгөрүүсүз. Анын бир себеби - сот системасынын көз карандылыгы төмөн.

Экинчиден, мен буга чейин эле айткам. Мамлекеттин бийлик бутактарына жаңы мамлекеттик институт Элдик курултайды кошуу - бул кандайдыр бир парламентке эле тиешелүү болгон өкүлчүлүк функциясын аткара турган бир институт ачылып жатат. Мен ошол позицияларымды бүгүнкү күнгө чейин карманам.

Маектин уландысы бар

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13464