Садыр Жапаров падышанын чакыруусу менен Сауд Арабияга барат
RU

Садыр Жапаров падышанын чакыруусу менен Сауд Арабияга барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров 18-20-июлда Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен Сауд Араб Падышалыгына жумушчу сапар менен барат. Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргендей, Садыр Жапаров "Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши" аттуу мамлекет башчыларынын биринчи саммитине катышат.

"Аталган иш-чаранын алкагында өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары да пландалган.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул региондордун тарыхында мамлекет башчыларынын ушул форматтагы биринчи саммити", - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Белгилесек, буга чейин президент Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Радини кабыл алган. Анда элчи Садыр Жапаровго 19-июлда Жидда шаарында өтө турган саммитке катышуу үчүн Сауд Арабиянын падышасынын атынан чакыруу катын тапшырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13470