Эл акыны Шайлообек Дүйшеев ТҮРКСОЙдун алтын медалы менен сыйланды
RU

Эл акыны Шайлообек Дүйшеев ТҮРКСОЙдун алтын медалы менен сыйланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев ТҮРКСОЙ уюмунун алтын медалы менен сыйланды. Сыйлыкты аталган уюмдун башкы катчысы Султан Раев өзү тапшырды.

Белгилесек, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму маданият тармагында иштегендерге жыл сайын атайын сыйлык берип келет.

Буга чейин уюмдун жогорку даражадагы сыйлыктары Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү комузчу Самара Токтакуновага, "Алтын комуз" байгесинин негиздөөчүсү Ниязбек Айбашовго, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Ниязга, Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүлөрү Маратбек Шарафидинов, Асан Турсункулов, Эмгек сиңирген артист, "Учур" театрынын директору Шаршенбек Шейшеновго жана башкаларга ыйгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13478