Дарыгер: Беттеги так, сепкилден арылуу үчүн жемиштер чоң роль ойнойт
RU

Дарыгер: Беттеги так, сепкилден арылуу үчүн жемиштер чоң роль ойнойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күн жылыганы өзгөчө айымдар арасында беттеги тактар, сепкилдер менен күрөшүү өзгөчө маселе туудурат. Коомчулукта ар кандай элдик медицинаны колдонуп, айрымдары косметолог, дерматологдорго көптөгөн каражаттарын берип, бирок жыйынтык ала албай келишет.

Дагы бир маселе бул - бетке кам көрүүчү косметикалардын түрүнүн көбөйүшү. Канчалык кымбат болсо - ошончолук эффективдүү деген маркетингдин курмандыгына айлангандар да аз эмес. Мындан улам kaktus.kg редакциясы дарыгер-онколог Айбек Кеңешбеков менен маектештик.

Дарыгер лазер менен сепкилдерди алууга боло турганын айтты. Бирок ал тажрыйбалуу дарыгерлерге гана барууну сунуштайт.

Лазер менен эле сепкилди алып койсо маселе чечилеби?

Дарыгер Айбек Кеңешбеков лазер менен процедура аяктагандан кийин эң керектелүүчү каражат - күндөн коргонуучу бет май деп эсептейт. Себеби, күндөн коргонбогон адамда кайрадан эле ультрофиолет нурларынан сепкил, тактар чыга берет.

Ага кошумча жер-жемиштер сепкил, так менен күрөшүүнүн жардамчылары болуп саналат.

"Биз сепкилдерди алгандан кийин, эң керектүү нерсе бул - күндөн коргонуучу бет майлар. Экинчи орунда жер-жемиштер турат. Биз тышкы фактор менен бирге ички организмдин дагы балансына көңүл бурушубуз керек. Албетте, эгерде органимзде керектүү витамидер толук болсо, адамдын териси, бети тунук - таза болот", - дейт ал.

Күндөн коргонуучу бет майларды кантип колдонуу керек?

Дарыгер күндөн коргонуучу каражаттардын көп түрү бар экенин айтып өттү. Ал эң башкысы күндөн коргоочу каражаттардын убактыларына көңүл буруу керектигин белгилейт.

"Ар бир SPFтин өзүнүн укбактысы болот: айрымдарын эки саат сайын жаңылап туруу керек болсо, кээ биринин коргоо функциясы 6 саатка чейин жетет", - деп кошумчалады дарыгер.

Күндөн коргоочу каражаттар өз ичинен эки түргө бөлүнөт: химиялык жана физикалык фильтр.

Химиялык фильтр менен жасалган күндөн коргоочу каражаттарда химиялык элементтер бар. Демек, курамында химия бар болгондон кийин, ал бардык бетке же териге жакпашы мүмкүн. Себеби, бет майдын курамында бар химиялык элементтерге айрымдардын аллергиясы бар болуп калышы мүмкүн.

Ал эми экинчи түрү физикалык элементтер менен жасалган күндөн коргоочу каражатар. Алар зыянсыз болуп саналат. Алардын курамында химиялык элементтер жок болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13493