"Октябрь" кинотеатры Чүй облустук драма театрына өткөрүлдү
RU

"Октябрь" кинотеатры Чүй облустук драма театрына өткөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Октябрь" кинотеатры Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу "Октябрь" кинотеатры маалымдады.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин кинематография боюнча департаменти жана Чүй облустук Шаршен Термечиков атындагы театрдын ортосунда келишимге кол коюлду. Ага ылайык, департаментке караштуу "Октябрь" кинотеатры Чүй театрына өткөрүлдү.

Чүй драма театрынын директору Жумакадыр Курмангалиевдин айтымында, жакынкы күндөрү имаратта сахнаны кеңейтүү жана жасалгалоо, көрүүчүлөр залын реконструкциялоо жана оңдоо иштери башталат.

Эске салсак, режиссёр, актриса Ырыс Жоомартова "Октябрь" кинотеатрына директор болгондон кийин ири суммадагы кредит алып, ремонт иштерин жасаганын, баары бүткөндө Чүй драма театрына өткөрүп беребиз деп жатканын айтып, президентке кайрылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13498