Окуучулардын дептерлери эми Кыргызстандын өзүндө чыгарылат. Министр өзгөчөлүгүн айтты
RU

Окуучулардын дептерлери эми Кыргызстандын өзүндө чыгарылат. Министр өзгөчөлүгүн айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Окуучулар үчүн дептерлер эми Кыргызстандын өзүнөн чыгарыла баштайт. Бул туурасында билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча отчётунда айтты.

Айтымында, министрлик быйыл Кембридж университети менен окуу китептерин басып чыгаруу боюнча меморандумга кол койгон. Учурда Оксфорддун окуу китептерин апробациялоо иштери жүрүүдө. Быйыл 600 миң окуу китеби басылып, 1-сентябрга пайдаланууга берилет.

"Мындан ары окуучулар колдонуучу окуу дептерлери Кыргызстандын өзүндө чыгат. Буга чейин дептерлери Өзбекстан жана Россиядан алынып келчү. Жылына 15 млн дептерди чет жактардан ташып келчүбүз. Эми улуттук баатырлардын, атактуу инсандардын сүрөттөрү тартылган дептерлер өзүбүздөн чыга баштайт. Бул улуттук патриоттук деңгээлди жана улуттук өндүрүштү да көтөрөт", - деди Каныбек Иманалиев.

Министр ошондой эле ар бир мектепке илине турган мугалим, окуучу жана ата-эне үчүн этикалык кодекстер иштелип чыккандыгын кошумчалады.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13499