Гүлжигит Алыкулов: Европадан сунуштар бар. Жакында кайсыл клубга бараарым билинет
RU

Гүлжигит Алыкулов: Европадан сунуштар бар. Жакында кайсыл клубга бараарым билинет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

kaktus.kg редакциясынын "Саясат эле эмес" рубрикасынын кезектеги коногу Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу, Казакстандын "Кайрат" клубунун мурунку оюнчусу Гүлжигит Алыкулов.

- Ар бир машыктыруучунун өзүнүн ыкмасы болот деп жатпайсызбы? Мурунку кураманын машыктыруучусу Александр Крестинин менен азыркы башкы башыктыруучу Штефан Тарковичтин айырмачылыгы эмнеде экен? CAFA турниринде байкай алдыңыздарбы?

- Эми, Александр Сергеевичти көптөн бери билебиз. Ал Кыргызстандын курамасы, футбол үчүн көп салымын кошту. Жеке мен үчүн дагы көп салымын кошту. Мага чоң түрткү берди.

Экөөнү салыштыра албайм. Анткени, ар бир машыктыруучунун өзүнүн көз карашы, тактикасы болот. Азыркы башкы машыктыруучудан кыргыз эли көп нерсени күтүп жатат. Анткени ал Словакияны Еврого алып чыкты. Кыргыз эли эле эмес, биз дагы алдыда бары жакшы болот деген үмүттөбүз.

- CAFA турниринде, Дөлөн Өмүрзаков атындагы оюн болгондо, кураманын Иран менен болгон беттеште оюн аяктай элек маалда көрүүчүлөр стадионду бошотуп кетип баштаганы коомчулукту өтө капа кылды. Сиздер өзүңүздөр кандай абалда калдыңыздар? Негизи Кыргызстанда күйөрмандык кылуу маданияты канчалык сиздин оюңузча?

- Элдердин кетип баштаганын чынында мен көргөн жокмун. Оюн бүткөндөн кийин күйөрмандар колдогонуна, кол чапканына күбө болдум.

Негизи ар бир өлкөнүн өзүнүн күйөрмандык кылуу маданияты болот. Кыргыз элинин колдоосу биз үчүн өтө чон мааниге ээ. Кадимкидей дем берет.

Европа өлкөлөрүндө күйөрмандар стадиондордо ырдашат: Англия, Германияда ошондой. Ал өзүнчө бир атмосфера тартуулайт. Бизде дагы ошол маданият жайылса - азыркыдан да сонун болмок. Анда күйөрмандарыбыз бизди эле эмес, баарын таң калдырат деп ойлойм.

- Сырттан караган адамга оюн жеңил көрүнөт го. Негизи футболго саресеп кылып жүргөндөр дейбизби, айтор, көбүнчө талдоочулар Кыргызстандын футбол курамасында оюнду, чабуулду жыйынтыктоочу футболчу жок деп айтып келишет. Сиз буга кошуласызбы?

- Жок, мен ага кошула албайм. Анткени, биздин акыркы эле оюнда 10-номуру менен Мирлан Мурзаев, андан мурунку оюнда Эрнист Батырканов гол киргизген. Мурзаев Ирандын, Япониянын дарбазасына гол киргизген. Алар Азиядагы мыкты командалар да. Ошондуктан антип айта албайм.

- Эми жеке өзүнүз тууралуу кеп кылсак. Буга чейин Гүлжигит Алыкулов Казакстандын "Кайрат" клубунан кетсе, Европанын клубуна барат деген кептер айтылып жүргөн. Бул боюнча кандай сүйлөшүүлөр болуп жатат, жаңылык барбы?

- Бул маселе боюнча улуу агам жана агентим иштеп жатат. Сунуштар болуп жатат. Кайсыл жактан экенин азыр айтпай коё турайын. Бирок, Европадан жакшы вариант түшсо ошол жакка барам деп турам.

"Кайрат" клубунда ойноп жүргөндө көп сунушутар келген. Ошол эле Европа өлкөлөрүнөн. Бирок, каражат аз сунушташканы үчүн макул болбой келгем.

- "Кайратта" канча жыл ойнодуңуз?

- Эки жарым, үч жыл ойнодум.

- "Кайраттан өзүңүзгө кандай тажрыйба ала алдыңыз?

- "Кайраттан" көп тажрыйба ала алдым. Биринчи жолу Казакстандын чемпиону болдум. Биринчи жолу "Чемпиондор лигасынын" квалификациялык оюнунда, Европа лигасында, "Конференциялар лигасынын" тайпалык баскычында ойнодум. "Европа лигасында" гол жасадым. Мунун бары тарых да.

Ал жерде легендарлуу оюнчулар менен ойнодум. Мен үчүн мунун бары жеңиш.

Маектин уландысы бар

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13514