Апасы менен сууга агып кеткен наристе табыла элек
RU

Апасы менен сууга агып кеткен наристе табыла элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүндө энеси менен сууга агып кеткен наристени издөө иштери улантылууда. ӨКМнын маалыматына караганда, бүгүн, 20-июлда издөөгө 21 куткаруучу чыкты.

Белгилесек, 18-июлда Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында 2022-жылы туулган С. кызы К. аттуу наристе Аламүдүн суусуна түшүп кеткен. Кызын куткарам деген 1996-жылы туулган А.Э. аттуу келин сууга агып кеткен.

Ошол эле күнү куткаруучулар тарабынан келиндин кишинин жансыз денеси табылып, кызы табылган эмес. 19-июлда капчыгай суусунан наристе изделип, жыйынтык болгон эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13523