"Философияны айтпаңыз!". Акылбек Жапаров Айыл-чарба министрин урушту
RU

"Философияны айтпаңыз!". Акылбек Жапаров Айыл-чарба министрин урушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-июлда Бишкекте Министрлер кабинетинин жыйыны болуп жатат. Анда Акылбек Жапаров өкмөттүн жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековду урушту.

Акылбек Жапаров министрдин ишинин натыйжасын көрбөй жатканын айтып, мындай темп менен азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо кыйынга турарын айтты.

"Баткенде тоок фермасы өрттөнүп кеткен үй-бүлөгө жардам көрсөтүп 30 миллион сом кредит бердик. Ал Лейлек менен Баткен райондорун бүт жумуртка менен камсыз кылам деп жатат. Бир үй-бүлөгө катуураак жардам берип койсоңор бир райондун жумурткага болгон муктаждыгын чечет экен да. Сиз ушундай сунуштарды бериңиз да. Биз 2026-жылга чейин азык-түлүк коопсуздугун толугу менен чечебиз деп жатабыз. Азыркыдай темп менен чече албайбыз. "Үчөө бүттү, бешөө алыстап барат" деп сиз антип философияны айтпаңыз! Долбоорлорду иштеп чыккыла да. Жакынкы үч жылда биз жумуртка боюнча көйгөйдү билбешибиз керек!", - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Жапаров Айыл чарба министрлигине дагы нааразычылыктарын айтты.

"Эки питомник жасагыла дебедик беле. 10-15 гектар жер керек экен, килейген токой чарбалары сиздин колуңузда турат. Жакшынакай бир питомник жок, элдин баары кыйналып жатат. Дагы алты айыңыз бар, бизге эртерээк ушундай сунуштарды киргизиңиз", - деди өкмөт башчы.

Ал ошондой эле министрлик менен Улуттук статистика комитетинин маалыматтары дал келбей жатканына ачууланды.

"Азыр мен текшерүү башкармалыгынан такташтырсам же сиздин, же Статкомдун калпы чыгат. Канча деген кишини жумуштан айдайбыз анан? Биз эмне бул жакта эшек такалап отурабызбы, цифраларды окуйбуз да. Сиз сууну 20 пайызга көп бердик деп жатасыз, Статком эч өзгөрүү жок деп жатат", - деп ачууланды Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13535