Рамиз Алиев отставкага кетирүүнү каалаган кызматкерлеринин кайрылуусуна жооп берди
RU

Рамиз Алиев отставкага кетирүүнү каалаган кызматкерлеринин кайрылуусуна жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Анын айтымында, алар президенттик аппаратка, УКМКга жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиевге кат менен кайрылышкан.

"Тазалыкта кесиптик бирлик башында турган белгилүү бир топ бар, бул бүтүндөй коллектив эмес. 40тай киши бар болчу, мен буга чейин 20 кишини иштен кетирдим. Жөнөкөй кызматкерлерге – тазалап жүргөндөргө, жүктөөчүлөргө дээрлик эч кандай арыз-даттануулар жок. Мен буга чейин 90 миллион сом карыз тууралуу айткан элем. Бир дагы сатып алынган унаа же контейнерлер жок", - деп билдирди Алиев.

"Тазалык" ишканасынын директорунун айтымында, кайрылууда айтылган абоненттик кызматта 85 адам иштеген. Булар көчөлөрдү кыдырып, ар бир кафе, дүкөн же техникалык тейлөө станциялары менен таштанды чыгаруу кызматына акы төлөө боюнча келишим түзүп, "Тазалык" ишканасы менен дүмүрчөк тараткан инспекторлор.

"Мен келгенден кийин реформаны абонент кызматынан баштадым. Себеби ишкананын бир айлык кирешеси 20 миллион сомдун тегерегинде болсо, чыгашасы 30 миллион сомду түздү. Анткени бардык чарбалык субъекттер төлөгөн эмес. "Тазалыкта" 10 миң чарбалык субъект бар. Таштанды чыгаруунун жаңы тарифи кабыл алынганда, алар менен келишимди кайра түзүү жана ар бир келишимди кайра түзүү керек болчу. Буга ылайык бир инмпектор бир күндө 0,5 келишим түзө баштаган, бирок ал бир дагы чекитке барган эмес.

Мен жыйынга барын чогултуп, 30 кызматкерге сөгүш бердим, эртеси эртең менен түзүлгөн келишимдердин саны алты эсеге көбөйдү. Ал эми кирешеси 43 миллион сомго жетти. Ротация жана сөгүш жарыялоодон кийин (жети кызматкер иштен алынышы керек болчу) биздин базада болсо да мурда төлөбөгөн 22 миң абонент жана 911 чарба субъекти кошулду", - деди ал.

Алиев "Тазалык" ишканасына мурда өзү иштеген "Кыргыз темир жолу" ишканасынын 7-8 мурдагы кызматкерин чакырганын мойнуна алды.

"Бул нормалдуу көрүнүш. Эгер башка ишке өтсөм, ал жакка "Тазалыктын" акылдуу кызматкерлерин чакырам. Мен каржы полициясында иштегем, бирок каржы полициясынын кызматкерлери бул жакка келгиси келбейт, болбосо"Тазалыкты" акылдуу, кыйын каржы полициясынын кызматкерлери менен толтурмакмын. Ал эми кыздарга басым жасоого келсек, бул жалаа", - деди ал.

Ал эми "убадаланган тазалоого" келсек, Алиев муниципалдык ишкананын ишин жакшыртуу максатында иштебей жаткан кызматкерлерди жумуштан кетире берээрин айтты.

Эске салсак, кечээ, 20-июлда "Тазалыктын" профсоюзу 100гө жакын аталган мунициалдык кызматтын жумушчларынын колу менен кайрылууну президент Садыр Жапаровго, калаа жетекчиси Эмилбек Абдыкадырого жолдоп, кызматтан алууну талап кылышкан эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13545