Садыр Жапаровдун Сауд Арабияга болгон жумушчу сапары аяктады
RU

Садыр Жапаровдун Сауд Арабияга болгон жумушчу сапары аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун падыша Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен Сауд Арабия Падышалыгына болгон жумушчу сапары аяктады. Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, өлкө башчы 20-июлда кечинде Бишкекке келди.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Булуңдагы араб мамлекеттери жана каржы мекемелеринин башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Президент 19-июлда Жидда шаарында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед бин Сулейман Аль-Жассер, Бахрейндин падышасынын атайын элчиси, падышанын үй-бүлө мүчөсү Нассер бин Хамад Аль Халифа менен жолугушту.

Катар мамлекетинин эмири Тамим ибн Хамад Аль Тани, Кувейт мамлекетинин мураскер ханзаадасы шейх Мишаль Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабах жана Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы, премьер-министри Мухаммад бин Салман Аль Сауд менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Мамлекет башчысы "Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши" аттуу мамлекет башчыларынын биринчи саммитинин ишине катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө ар кыл тармактарда региондор аралык кызматташтыкты активдүү алдыга жылдырууну сунуштады. Саммиттин жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Сапардын алкагында президент Мекке шаарында умра (кичи ажылык) зыяратын кылып, Медина шаарында Мухаммед пайгамбардын мечитине барды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13546