Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында кичи ажылыкка барды
RU

Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында кичи ажылыкка барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров Сауд Арабия Падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мекке шаарына умрага (кичи ажылык) барды. Бул туурасында бүгүн, 20-июлда президенттин администрациясынан кабарлайт.

Умра учурунда Садыр Жапаров ыйык Каабанын ичине кирип, намаз окуду.

Мамлекет башчы Жараткандан өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, Кыргызстандын элине бак-дөөлөттүү, берекелүү турмушту тартуулашын тиледи.

Умра - кичи ажылык, Меккеге жана ыйык мечитке баруу менен байланышкан, ажылык үчүн белгиленген айдан башка жылдын каалаган убагында жасалуучу зыярат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13529