Электр энергиясындагы тарифтик саясат инфляцияга байланды. Жыл сайын төлөм көбөйөт
RU

Электр энергиясындагы тарифтик саясат инфляцияга байланды. Жыл сайын төлөм көбөйөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мындан ары электр энергиясына тариф жыл сайын инфляцияга жараша бекитилет. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев брифингде билдирди.

Ведомство башчысы өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин тариф саясаты өзгөрбөй турганын белгиледи. Анын айтымында, тариф саясаты инфляцияга байланган жана ал жыл сайын өзгөрүп турат. Бул электр энергиясы жыл сайын кымбаттайт дегенди билдирет.

"Инфляцияга жараша тариф жыл сайын көтөрүлөт. Жакында эле 23 тыйынга көтөрүлгөнбүз. Быйыл инфляция 13,9 болду, ушул деңгээлге жараша тарифти көтөрдүк. Ар бир товардын өзүнүн баасы болушу керек. Эмдиги жылы инфляция кандай болорун билбейбиз, балким, жыл сайын 15, 25 же 30 тыйынга чейин көтөрөбүз" деди министр.

Эске салсак, Кыргызстанда электр энергиясына болгон тариф көп жылдардан бери өзгөргөн эмес. Көбөйүү үстүбүздөгү жылдын май айында орун алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13555