Ысык-Көлдө тестиер баланы уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду
RU

Ысык-Көлдө тестиер баланы уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө 11 жаштагы баланы уурдоо фактысы боюнча "Адам уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 20-июль күнү эртең менен Бостери айылындагы эс алуу жайларынын бириндеги жээктен Чүй облусунун тургунунун 12 жаштагы баласын уурдап кетишкен. Баланын ата-энесинен 300 миң доллар акча талап кылышкан.

Бала ошол эле күнү кечинде Чүй облусунун Кемин районунан табылган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: depositphotos.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13570