Айзада Жамгырчиева Музыка телеканалынын продюсерлик кызматынан кетти
RU

Айзада Жамгырчиева Музыка телеканалынын продюсерлик кызматынан кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алып баруучу, ырчы Айзада Жамгырчиева июнь айынын башында Музыка телеканалына жетекчи болгон. Бирок ал аталган телеканалдын продюсерлик кызматынан кетти.

Айтымында, аз убакыт болсо да продюсерлик кызмат ага чоң тажрыйба берди.

"Тилекке каршы, өзүмдүн каалоом менен арыз жазып кетип жатам. Ден соолугума байланыштуу эмки аптада чет элге дарыланганы кетем.Мага ишенип, жоопкерчиликтүү кызматты тапшырганы үчүн Канат Култаевге ыраазычылыгымды айтам. Мен үчүн Музыка телеканалы жашоомдун бир бөлүгү, ар бир кесиптешим бир тууганым. Буюрса, жаңы долбоолор менен эфирден көрүшөбүз", - деди Жамгырчиева.

Эми Музыка телеканалынын продюсери - теле алып баруучу Каниет Жыргалбеков болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13572