Ирактын Копенгагендеги элчилигинин алдында Куран өрттөлдү
RU

Ирактын Копенгагендеги элчилигинин алдында Куран өрттөлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Даниялык патриоттор" (Danske Patrioter) деп аталган экстремисттик топтун мүчөлөрү Ирактын Копенгагендеги элчилигинин алдында Курандын көчүрмөсүн өрттөп жиберишкен. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Бул акцияга беш киши чыгып, алардын бири мусулмандардын ыйык китеби - Куранды өрттөп жиберсе, дагы бири Ирактын желегин тебелеп салган.

Эске салсак, Курман айтта Стокгольм шаарында Куранды өрттөп, шылдыңдоо фактысы катталган. Буга ылайык, Ирак Швеция бийлигинен аталган акцияны жасаган иммигрантты кайтарып берүүнү суранган. Курандын өрттөлүшүн Алжир, Афганстан, Египет, Индонезия, Ливан, Сирия, Түркия, Өзбекстан, Араб мамлекеттеринин лигасынын башкы катчысы айыптап, сындаган.

Иордания менен Бириккен Араб Эмирлигинин тышкы иштер министрликтери Швециянын элчисин нааразылык нотасын тапшыруу үчүн чакырышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13580