Президент өлкөдө суунун тартыштыгы качан чечилерин айтты
RU

Президент өлкөдө суунун тартыштыгы качан чечилерин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл Кыргызстанда суу тартыштыгы катуу сезилип жатат. Бул көрүнүш дээрлик өлкөнүн бардык аймактарында бар. Бишкекте да, Чүйдүн ар кыл райондорунда да суу тартыш болду. Мунун айланасында президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде сөз кылды.

Айтымында, суунун тартыштыгына биринчиден, жалпы дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүшү, жылдар өткөн сайын суунун азайып бараткандыгы себеп.

"Экинчиден, суунун башында турган Кыргызстанда суунун тартыштыгы болуп жаткандыгынын эң негизги себеби - эгемендик алгандан бери Кыргызстанда, айрыкча Чүй өрөөнүндө бир дагы БСРдин курулбагандыгы (БСР – күн сайын жөнгө салынуучу бассейндер (бассейны суточного регулирования). Илгерки союз мезгилинде курулган БСРлер гана иштеп турат. Эмдиги жылдан баштап БСРлерди курууга бардык күчтөрдү жумшайбыз. Акчалардын баарын ушул тармакка бөлөбүз. БСРлерди курабыз. БСРлер курулгандан кийин суу көйгөйү чечилет.

БСРлер жетишпесе Чүй өрөөнүн, Бишкек шаарды суу менен кантип толук камсыз кылмак элек? Мен "жардын кырына келген" Кыргызстанды колума алгам. Четинен бардык проблеманы командабыз менен биргеликте чечип келе жатабыз. Кудай буюрса, алдыда келе жаткан жылдарда бардык проблемаларды, анын ичинде суу маселесин да чечебиз. Эгемендүүлүк алган 33 жылдын ар бир жылы бирден БСР, бирден эле ГЭС куруп турушканда азыр 33 ГЭС, 33 БСР иштеп турмак. 33 ГЭС бери дегенде 300 мегаватт электроэнергия бермек. Мен бир эле тармак боюнча мисал келтирдим. Айта берсем маселе көп. Чыдаш керек. Чечебиз баарын. Убакыт керек", - деди ал.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13595