Кыргыз мамлекеттик циркине директор дайындалды
3059
Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Рыскул Боромбаев дайындалды. Бул туурасында бүгүн, 24-июлда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Тиешелүү буйрукту маданият министри чыгарды.
slide 2 of 4
Белгилесек, июнь айында Фархад Бекманбетовдун Кыргыз мамлекеттик циркинин директору кызматынан кетүү боюнча арызы канааттандырылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/13608