Музыка телеканалынын кызматкерлери иштен кетүү тууралуу арыз жазышты. Жетекчиси эмне дейт?
RU

Музыка телеканалынын кызматкерлери иштен кетүү тууралуу арыз жазышты. Жетекчиси эмне дейт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Музыка телеканалынын жалпы коллективи кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышты. Бул туурасында Kaktus.kg сайтына иш таштаган кызматкерлер билдиришти.

Алар Каниет Жыргалбековдун жаңы жетекчи болуп келишине каршы болушууда.

Белгилесек, буга чейин Музыка телеканалын Канат Култаев жетектеп келген. Анын кызмат орду жогорулаганына байланыштуу продюсерлик кызматты алып баруучу Айзада Жамгырчиевага өткөргөн. Жамгырчиева ден соолугуна байланыштуу кызматтан баш тарткан.

Аталган телеканалдын коллективи канча жылдан бери эмгектенген кызматкерлердин бирин продюсер кылуусун суранганда, башкы директор жетекчи кылып Каниет Жыргалбековду кызматка алган.

"Кызматкерлер жаңы продюсер менен иштеше албай турганыбызды айттык. Каниет Жыргалбеков буга чейин эки каналда иштеп, ал жактан ызы-чуу менен кеткен. Музыка телеканалынын кызматкерлери каршы чыкканда "кете бергиле, жаңы жамаатты түзүп алабыз" деди. Мындан улам 10дон ашуун кызматкер кызматынан баш тартышты", - дешет эмгек жамаат.

Ал эми жаңы дайындалган продюсер Каниет Жыргалбеков бул боюнча азырынча комментарий бербей турганын, телеканалдын иши кадимкидей уланып жатканын айтат.

"Мен бул боюнча азырынча эч нерсе дебейм. Кызматкерлер иштеп жатышат", - деди ал.

Эскерте кетсек, Музыка телеканалы 2012-жылы 1-октябрда түзүлгөн, "Музыка" улуттук сыйлыгы, "Эгиз тумар", "Жаңы жылдык түн", "Кыргызстан жылдызы", "Сонун шоу" жана башка көптөгөн рейтингдүү долбоорлор ушул жамааттын эмгеги.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13611