Беш айдын ичинде 1800дөн ашык айдоочу мас абалында унаа башкарып, күбөлүгүнөн ажырады
RU

Беш айдын ичинде 1800дөн ашык айдоочу мас абалында унаа башкарып, күбөлүгүнөн ажырады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдын 8-мартынан бүгүнкү күнгө, 25-июлга чейин 1800дөн ашык айдоочу мас абалында унаа башкарганы үчүн токтотулган. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, быйыл 8-марттан тарта мас абалында айдоочуларга жоопкерчиликти күчөгөн - транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу беренесин киргизилген. Жол кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында мас абалында унаа башкаргандардын саны 17%га азайган.

ЖКККББ мас абалында унаа башкаруунун алдын алуу максатында күчөтүлгөн рейддик иш-чараларды улантат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13632