Көлдө эс алуучуларды сүзүп кеткен катердин айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди
RU

Көлдө эс алуучуларды сүзүп кеткен катердин айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө 3 адамды сүзүп кеткен катердин айдоочусу райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Маалыматты Kaktus.kg сайтына Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодекстин 127-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен козголгон кылмыш иши козголгон. Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан катердин айдоочусу, Кара-Ой айылынын 16 жаштагы тургуну соттун бөгөт коюу чарасы кабыл алынганга чейин камакка алынды.

Мындан тышкары көлдө ушул сыяктуу кырсыктарга жол бербөө, ошондой эле жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо максатында, түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан суу транспортторунун айдоочуларынын жана эс алуучуларынын арасында күчөтүлгөн профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 23-июлда Кара-Ой айылынын 16 жаштагы тургуну эс алуучуларды "Таблетка" аттракционуна түшүрүп, өтүп бара жаткан теплоходду байкабай, аны менен кагышкан. Кагылышуудан улам эки эс алуучу алган жаракатынан улам райондук ооруканада көз жумган, үчүнчү эс алуучу дарылануусун улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13653