Үй шартында туура тамактанууга болобу? Дарыгерден кеңеш
RU

Үй шартында туура тамактанууга болобу? Дарыгерден кеңеш

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дарыгер Эрмек Исмаилов коронавирус пандемиясы учурунда бейтаптарга аралыктан консултация берип, илдет аяктагандан кийин дагы бул ишти токтоткон эмес. Учурда Телеграм каналдар аркылуу коомчулукка ден-соолукка кам көрүү, профилактика жана check-up анализдерди тапшыруу сындуу бир катар пайдалуу кеңештери менен бөлүшүп келет.

Эрмек "Узак жашоонун жөнөкөй жолдору" менен коомчулукту өзүнө кам көрүүгө чакырып жүрөт. Ал кандай жолдор экенин маектен окуңуз.

- Туура тамактанууга көп каражат сарпталат деген түшүнүк бар да. Негизи эле туура тамактануу кымбат турат деп эсептелет. Бул нерсеге кандай деп жооп берет элеңиз?

- Бул биздин приоритеттерибизге байланыштуу деп ойлойм. Кымбат дегенге да кошулбайм. Мисалы ар бир адам өзүнүн короосунда эле өсүп турган жер-жемиштер менен туура тамактанса болот. Чет өлкөдө мөмө-жемиштер эң кымбат тамак-аш болуп саналат. Ал биздин корообузда эле өсүп турган мөмө, жер-жемиштери. Эгер биз барын өзүбүз өстүрсөк арзан эле болот.

Ал эми витамин, кошумча тамактар азыр чындыгында кымбат болуп жатат. Бирок ошол эле кошумчалар биздин сапаттуу жашообузга шарт түзөт. Албетте, ден-соолугуң чын болуп, сапаттуу жашасаң - ошончо көп акча таба аласың да. Эгер, биздин ден-соолугубуз начар, алыбыз, энергиябыз жок болсо - кантип иштеп, кантип акча таба алабыз? Адамдын ою ооруда болуп калат да.

- Азыр бүт эле нерсе кымбаттап жатпайбы. Бирок ар бир эле киши өзүнө кам көрүү үчүн сөзсүз керектүү бир суммадагы каражатты өзүнө коротушу керек. Бул Кыргызстандагы айлыктын орточо эсеби менен көпчүлүктүн чөнтөгүнө дал келбейт. Жогоруда айткан витаминерди үй шартында алууга болобу, болсо ал кайсыл жер-жемиштер?

- Кыргызстанда төрт мезгил тең болгону - шартты жакшыртат. Азыр үй шартында бадыраң, помидор, алча, калемпир, пияз, керек болсо кулпунай, бүлдүркөн өстүрүп алууга болот. Алардын барында микроэлементтер бар. Биз үйдөгү жер-жемиштер менен эле туура тамактанууга өтсөк болот. Бирок айрым ата-энелер колунда турган жер-жемишти балдарына бергендин ордуна таттуу, организмге пайдасы жок - зыян, ошондо да кымбат шоколад, суусундуктарды, фаст-фуддарды алып беришет. Ошол таттууларга кеткен акчанын ордуна баланын ден соолугуна пайдалуу тамакты берсе болот.

- Сиз абдан туура маселени көтөрүп жатасыз да. Чынында эле балдарын таттуудан алыстата албаган ата-энелер аз эмес. Дарыгер катары кандай кеңеш берет элеңиз?

- Медициналык көз караш менен айта турган болсок, баланын таттуу жегиси келгени бул - анын ден соолугунда көйгөй бар экенин түшүндүрөт. Бул кадимки эле микроэлементтердин жетишсиздиги. Эгер бала ыйлап, таттуу жейм деп өнөрүн көргөзө турган болсо ата-эне балага кандай микроэлемент жетишпей жатат деген суроо бериши керек. Эмне кылыш керек? Микроэлементтерге тапшырып, кайсыл витамин организмге жетпей жатканын билиши керек. Ошол микроэлементтерди толтурса бала ошол шириндиктерди жегенди каалабай калат. Чоңдордо деле ушундай. Мисалы организмге бир витамин жетишпесе ал сырттан бир нерсени талап кыла берет.

- Туура тамактануу үчүн кечкисин 20 пайыз гана тамактануу керек деп айтып калбадыңызбы? Эң кеч дегенде адам саат канчада тамактанышы керек?

- Менимче кечки 20:00гө чейин. Андан кийин колдон келсе тамак жебей эле коюш керек. Жегенге туура келсе жеңил салат же тамак болушу керек.

Өткөндө жакшы бир маалыматты уктум. Ислам дининде деле адам тамакты нык тоё жебеш керек экен. Бир аз тойбой калгандай абалда жүрүшү керек деп айтылган. Мен бул маалыматка толугу менен кошулам. Медицина тармагында деле ушундай, тамак жеш керек, бирок өтө тойгон адамдын өзүнө зыян. Эмне үчүн? Биздин денебизде инсулин деген гармон иштелип чыгат. Эгер биз аябай тоюп алсак, биздин организм инсулинди иштеп чыгара албай калат. Эмнеге акыркы учурда толук адамдар көбөйүп бара жатат? Мисалы бир торт жесеңиз беш чакырым чуркашыңыз керек. А биз таттуу жесек да 100 метр баспайбыз.

Эгер сиз 18,19:00дө лагман сындуу оор тамактарды жесеңиз, тамактануудан кийин сөзсүз түрдө 45-50 мүнөт басышыңыз керек.

Маектин уландысы бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13655