Каныбек Осмоналиев: Мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин билбесе, иштен алынат
RU

Каныбек Осмоналиев: Мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин билбесе, иштен алынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз тилин билбеген мамлекеттик кызматкерлер иштен алынат. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда маалымат жыйында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев билдирди.

Анда журналисттер мамлекеттик тилди жеткиликтүү кылуу жана жайылтуу үчүн заманбап окутуу программалары иштелип чыгабы деген суроолорду беришти.

"Кыргыз тили жеткиликтүү. Биз акыркы 10-15 жылдан бери кыргыз тилин кеңири жайылтуу боюнча абдан активдүү иш жүргүзүп жатабыз. Дагы бир суроо: аны коом кандай кабыл алат? Эгер кайсы бир адам тилди үйрөнгүсү келсе, анда бул үчүн бардык шарттар бар", - деди.

Ошондой эле кыргыз тилин билбеген мамлекеттик кызматкерлер эмне болот деген суроо узатылды.

"Бул мамлекеттик кызматкердин тилди үйрөнүүсүнө 3-4 жыл убакыт бар болчу. Эгер мамлекеттик кызматкер гений болсо, анда алты айдын ичинде тилди үйрөнө алат. Тил билбесе кызматтан алынат", - деди Улуттук комиссиянын төрагасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13677